Аталышы: » Келечек Дөң- Арык» балдар бакчасы Чүй району Дөң- Арык айылы Муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюму. Дареги: Чүй району Дөң-Арык айылы Курмашов көчөсү № 12 Уюштуруу укуктук формасы: муниципалдык бюджеттик. Жогорку турган уюмдар:Чүй -Токмок билим берүү уюму. Окуу формасы: күндүзгү, топтук. Билим деңгээли: мектепке чейинки. Уюштуруу документтери: Мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк, МЧББ Мекемесинин Уставы. Билим берүүнүн негизги тили: кыргыз тили. Билим берүү мекемесинин негизги структуралык бирдиги болуп Мектепке чейинки курактагы балдардын тобу эсептелинет. Билим берүү мекемесинде баланын өсүп өнүгүүсү жана таалим-тарбия берүү багытында иш жүргүзүлөт. Билим берүү мекемесиндеги балдардын контингенти алардын жаш курагына жараша мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык уюштурулган. Бала бакчада жалпы өнүгүү багытында 2-курактык топ иштейт. Бала бакча беш күндүк иш жумасында саат 8-00 дөн 17-00 гө чейин иштейт. Дем алыш күндөрү белгиленген Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына Ылайык Жүзөгө Ашырылат.
«Келечек Дөң-Арык» Мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарыхы. «Келечек Дөң-Арык» балдар бакчасы 2005-жылдын 1-ноябрында ишке киришкен, «Калча» орто мектебинин сол канатын биринчи кабатында жайгашкан. Кубатуулугу 60 балага ылайыкталган. Балдар бакчасында 2-тайпа Улуу тайпада 5-6 жаш, ортоңку аралаш 3-4 жаш тайпасы бар. Бала бакча негизделген күндөн баштап Сейдакматова Жумабүбү жетектеп келет. Бакчада баардыгы 10-кызматкер; 1-мүдүр, 3-тарбиячы, 1-музыка мугалими, 1-эмчи айым, 2-тарбиячы жардамчылары, 1-ашпозчу, 1-оңдоп түзөө иштери боюнча жумушчу эмгектенишет. Бала бакчада балдарга абдан жылуу, мээримдүү кам көрүү салты калыптанган, ал бүгүнкү күнгө чейин уланып келет. Бала бакчанын ашканасы муздаткыч менен жана тамак-аш сактоо үчүн бөлмөсү бар. Кир, идиш жуучу жайлары бакчага ылайыкташтырылып атайы чакан бурчтар бөлүнгөн. Акыркы жылдары билим берүү системасында талапка ылайык көп нерселер өзгөрдү. Биздин бала бакчада өзгөрүлөр болду. 2005-жылдан бери бала бакчада алгылыктуу, сапаттуу өзгөрүүлөр жана мектепке чейинки билим берүү мекемесиндеги материалдык-техникалык базасын чыңдоо иштери жүрүп жатканын Чүй-Токмок Билим Берүү мекемелеринин кароо — сынактарынын жыйынтыктары тастыктайт. Бүгүнкү күндө бала бакча мектептин ичинде жайгашкандыктан бири-бирибизге ыңгайсыздыкты жаратып келебиз. Ошого карабастан «Келечек Дөң-Арык» балдар бакчасынын жамааты талыкпастан эмгектенип келишет.
Эмблема
Вы можете дать больше информации, так как это редактируемая страница сайта
На этой странице возможно добавить:
- Текст
- Фото / Видео / Документы
- Таблицы
- Списки
- Ссылки
- Разные цвета