Ата-энелер үчүн кеңештер «Жаңы коронавирус инфекциясынын алдын алуу » Жаңы коронавирустук инфекциянын (COVID-19) симптомдору кадимки (сезондук) сасык тумоонун белгилерине окшош: • жогорку дене температурасы • баш оору • алсыздык • жөтөл • оор дем алуу • булчуң оорусу • жүрөк айлануу • кусуу • ич өтүү
- Коронавирус инфекциясын алдын алуу боюнча кеӊештер: — Коомдук жайларга: соода борборлоруна, спорттук жана оюн-зоок иш-чараларына, шашма убакта транспортко баруудан баш тартыңыз; — Коомдук жайларда бир жолу колдонулуучу медициналык масканы (респиратор) 2-3 саат сайын алмаштырып колдонуу. — Сасык тымоонун белгилери (жөтөлүү, чүчкүрүү, мурундан агып кетүү) бар адамдар менен тыгыз байланышта болбоңуз жана бир бөлмөдө болуңуз. — Көчөдөн кайтып келгенден кийин колду самындап жакшылап жуу, чоочун адамдар менен байланышпоо. -Гаджеттерди, кеңсе жабдууларын жана тийген беттерди дезинфекциялоо. — Мүмкүн болсо, саламдашып жатканда кучактап, кол алышууну чектеңиз. — Жеке гигиеналык буюмдарды гана колдонуңуз (сүлгү, тиш щеткасы)
- Коронавирустук инфекцияга шектелгенде: — Үйдө кал. Эгерде сиз өзүңүздү начар сезсеңиз, дарыгерге кайрылыңыз, ага акыркы 2 жумада болгон жерлериңиз, мүмкүн болгон байланыштарыңыз жөнүндө кабарлаңыз. Врачтын сунуштарын так аткарыңыз. — дени сак адамдар, өзгөчө улгайган адамдар жана өнөкөт оорулары бар адамдар менен байланышты азайтыңыз. Оорулууларды бир адам караганы жакшы. -Жөтөлгөндө же чүчкүргөндө оозуңузду жаап, бир жолу колдонулуучу салфетка же кол аарчы колдонуңуз. Алар жокто чыканагыңыздын кыйшык жерине чүчкүрүңүз. — Жеке гигиеналык буюмдарды жана бир жолу колдонулуучу идиштерди колдонуңуз. — Бөлмөнү дезинфекциялоочу каражаттар менен нымдуу тазалоону жана тез-тез желдетүүнү камсыз кылуу.
- Текст
- Фото / Видео / Документы
- Таблицы
- Списки
- Ссылки
- Разные цвета